Казакстанда профсоюз активисти абактан бошотулду

Ерлан Балтабай. 20-март, 2020-жыл.

Казакстанда профсоюз активисти Ерлан Балтабай 20-мартта эркиндикке чыкты. Чымкенттин соту 6-мартта анын жаза мөөнөтүн кыскартуу арызын канааттандырган.

Көз карандысыз “Татыктуу эмгек” кесиптик кошуундар биримдигинин мурдагы төрагасы Ерлан Балтабай 2019-жылдын июль айында "мүчөлүк акыдан топтолгон уюмдун акчасын кымырып алган" деген негизде жети жылга соттолгон.

Август айында өлкө президентинин ырайымы менен Балтабай бошотулуп, жазасы айыппулга өзгөртүлгөн. Активист аны төлөөдөн баш тарткан соң октябрда беш жыл, сегиз айга кесилген.

Балтабай айыптоолордун баарын саясий негизде деп четке кагып келет. Укук коргоочулар жана коомчулук ага каршы ишти бийликтин көз карандысыз профсоюз уюмдарын жазалоо аракети катары аташкан.

“Түрмөдө отурганымда мени колдогон элиме жана укук коргоочуларга ыраазымын. Мени мыйзамсыз соттошкон. Артыман түшкөндөр менден профсоюзду алып, ишмердигимди чектейли дешти”, – деди Балтабай.

Декабрда казакстандык укук коргоочулар Балтабайды саясий туткун деп таанышкан.