Түркмөнстанда каттам чектелди

Түркмөнстандын бийлиги 19-марттан тарта борбор калаа Ашхабадга кирүү-чыгууну, андан тышкары аймактар арасында каттамды чектеди. Бул коронавирустун тарап кетишинин алдын алуу үчүн деп болжолдонуп жатканын “Азаттык” радиосунун түрмөн кызматынын кабарчысы маалымдады.

Көп адамдар жаңы эреже тууралуу 20-март күнү, Ашхабаддын босогосуна келгенде билишкен.

“Уруксат кагазы менен гана өтүүгө мүмкүн. Региондон келаткан жеке автоунаалар, такси, маршрутка жана автобустар шаарга кире бериштен кайра артка кайтууда", - деди кабарчы.

«Азаттыктын» түркмөн кызматына жарандардын өлкө ичиндеги кыймылын тескеген документтин көчүрмөсү келип түштү. Ага ылайык, адамдарга өзү жашаган облустун аймагынан чыгууга тыюу салынган. Зарыл учурда, маселен медициналык себептен, үйлөнүү үлпөтүнө же тажияга баратса гана жергиликтүү бийликтин уруксат кагазынын негизинде каттоого уруксат берилет.

Түркмөн бийлиги өлкө аймагында коронавирус катталган жок дегенине карабастан ушундай катаал чаралар көрүлүп жатат. Ошол эле маалда «Азаттыктын» түркмөн кызматынын булактары COVID-19 бир нече адамга жукканы аныкталганын билдиришкен.

Түркмөнстан ушул тапта пандемия күчөп жаткан Иран, ошондой эле коронавирус катталган Казакстан, Өзбекстан жана Ооганстан менен чектеш.