ИИМ: жалган маалымат тараткандарга катуу чара көрүлөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) коронавирус боюнча өлкө аймагында жалган маалыматтар тараткандарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады.

Министрлик «учурда социалдык тармактарда тарап жаткан «белгисиз адамдар үйлөрдү дезинфекциялоо деген шылтоо менен кирип, уктатуучу каражаттарды сээп, кылмыш кылып жатат» деген маалыматтар чындыкка дал келбейт» деп билдирди. Мекеменин билдирүүсүнө караганда, бул маалыматтарды тараткандарга катуу чара көрүлөт.

ИИМ жалган маалыматтарды тараткандар жөнүндө 102 кызматы аркылуу маалымдап турууга чакырат. (TSh)