ТИМ: 157 кыргызстандык орус-казак чек арасынан өтө албай турат

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Оренбург аймагында, орус-казак чек арасында ушу тапта кыргызстандык 157 жаран казак тарапка өтө албай турат. Бул тууралуу 20-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, «Сагарчин» өткөрмө бекетинде топтолуп турган кыргыз жарандарынын абалы элчиликтин жана Оренбургдагы консулдуктун кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Аларга тамак-аш уюштурулуп берилүүдө.

Министрлик белгилегендей, алар Орусиядан автоунаа менен Казакстан аркылуу келүүнү көздөшкөн. Бирок коронавирус коркунучуна байланыштуу орус-казак чек арасында автомобилдик каттам 16-мартта токтогон.

«Орусиядагы элчилик бул өлкөдөгү кыргыз жарандарына Казакстан аркылуу автоунаа менен кайтып келүү максатында орус-казак чек арасы тарапка баруудан баш тартууну сунуш кылат», деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө. (RK)