АКШ доллары менен евронун кескин серпилишин басаңдатыш үчүн Улуттук банк базарга акча чыгарууда. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева 19-мартта «Азаттыктын» «Арай көз чарай» программасында билдирди:
«Экономикасы ири өлкөлөрдүн жана биздин коңшулаш өлкөлөрдүн да валюталары да кескин серпилиши байкалып жатат. Учурда биздин ички валюта базарында чет элдик валюталарга суроо-талап күч алды. Ошондуктан Улуттук банктын соода сессиясы 19-мартта саат 19:00гө чейин узартылды».
Аида Карабаева чыгарылган акчанын суммасы тууралуу так айткан жок. Азырынча Улуттук банктын сайтында да бул жөнүндө маалымат чыга элек.
19-март күнү түштөн кийин улуттук валюта доллар менен еврого карата күчүн кескин жоготту. Өлкөдөгү айрым коммерциялык банктар 1 АКШ долларын 85 сомдон, 1 еврону 95 сомдон сата башташты.
Бир нече жылдардан бери 69 сомдун айланасында туруктуу сакталып келген доллар 10-мартта кескин кымбаттаган. Улуттук банк ал күнү сомдун кунун кармаш үчүн акча базарына 53,7 млн. доллар саткан. Натыйжада 1 АКШ долларына карата 72,85 сомдук курс бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген. Долларды улай көтөрүлгөн евро 79 сомдун айланасында сатылып жаткан. (ZKo)