Болгарияда иликтөөчү журналистти сабап кетишти

Слави Ангелов.

Болгариядагы белгилүү иликтөөчү журналист, «168 саат» гезитинин редактору Слави Ангеловго Софиядагы үйүнүн жанында кол салынды. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги 17-марттын кечинде журналистти белгисиз бирөөлөр темир түтүк менен уруп кеткенин билдирди. Соккудан улам журналист эстен танып калган.

Учурда ооруканада жаткан журналист үйүнө кирип баратканда беткапчан эки киши кол салганын, беткапчан үчүнчү киши аны телефонуна видеого тартып турганын айтып берди.

Кылмышкерлер Ангеловдун эч нерсесин алган эмес. Жанында ноутбугу болгон. Ошондуктан кол салуу «тоноо максатында болгон эмес» деп белгиленип жатат.

Слави Ангелов акыркы айларда экологияга зыян келтиргени үчүн иши сотто каралып, акталып кеткен ишкер тууралуу, Болгария менен Грекияда ондогон адамды сойкулукка тарткандар тууралуу иликтөөлөрдү жасаган.

Андан тышкары оюн-зоок магнаты Васил Божковдун олуттуу каржылык көз боёмочулуктары тууралуу иликтеген. Аз мурда Божков салыктан качуу, пара берүү аракети жана рэкетчилик айыптарынын негизинде кармалган.