Орус-казак чек арасында калган кыргызстандыктар дагы эле өтө албай турушат​

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия менен Казакстандын чек арасында калган кыргызстандыктардын айрымдары Москва-Бишкек поезд каттамы менен Кыргызстанга кетип, айрымдары кайра Орусияга кайтты. Бул тууралуу 18-мартта «Азаттыкка» Кыргызстандын Оренбург облусундагы консулу Таалайбек Жандарбек уулу билдирди.

Анын сөзүнө караганда, чек арада турган кыргыз жарандарын Кыргызстанга өткөрүү боюнча кыргыз-казак өкмөттөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

«17-мартта Кыргызстанга кетчү акыркы поезд каттамы бар болчу. Аны менен 21 адам кетти. Мындын тышкары кайра Москвага кайткандар да бар. Калган 80ге жакын адам Орусия менен Казакстандын чек арасына жакын жерде», - деди ал.

«Азаттык» чек арада калып калган адамдардын айрымдары менен байланышты.

Алардын бири Тынчтык Акматов Орусиянын чек арачылары чек ара аймагында турууга болбой турганын айтып, 20 чакырым алыс жердеги кафеге жайгашышкан.

«Чек арада Өзбекстандын да жарандары, машинелери бар болчу. Өзбекстан аларды алып чыгып кетти. Кыргызстандын гана жарандары калдык. Биз айдап бараткан машинелердин 30% номуру Кыргызстандыкы, калганы транзит. Орусиядан Кыргызстанга алып бараткан машинелер», - деди Акматов.

Акматов кошумчалагандай, орус-казак чек арасында 120дай машине менен 200гө жакын кыргыз жараны бар.

17-мартта 200дөн ашуун кыргызстандык 87 жеңил машинеде Оренбург облусундагы «Сагарчин» пунктунда Казакстанга кире албай турганы жөнүндө маалымат социалдык тармактарда тараган.

Казак өкмөтү коронавируска байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын Казакстанга киришине тыюу салган. Ушундан улам кыргызстандыктар чек арадан өтө албай турушат. (BTo)