14 күндүк үй карантинде жаткан Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева коронавируска байланыштуу өз сунуштарын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Вице-спикер республикалык штаб өлкөнүн бардык телеканалдарынан чыгып, саат сайын коронавируска байланыштуу так маалымат берип турушу керек деп эсептейт. Касымалиева алыскы аймактарда каңшаар кептерден эл дүрбөлөңгө түшүшү мүмкүн экенин эскертет.
«Штабдын брифингин саат сайын өткөрүү зарыл. Ар бир саат сайын брифинг уюштурулбаса, кымгуут жаралып, ар кандай туура эмес маалыматка жетеленгендер көп. Бардык телеканалдардан саат сайын ал брифингди жана изоляция, гигиена тууралуу маалымат берилиши керек», – деп жазат эл өкүлү.
Мындан сырткары экономикалык, билим берүү багыты тууралуу өз сунушун тизмектеген. 13-март түнү Германиядан иш сапарынан кайтып келген Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Абдыбек Дүйшалиев жана парламенттин жети кызматкери 14 күнгө үй карантинге алынган. (TSh)