Сырттан келүүчү кыргызстандыктар эки категорияга бөлүнүп, карантинге алынат

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул алар келген тараптагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу аныкталат. Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлашынча, тизме дүйнөдөгү кырдаалга ылайык өзгөрүшү мүмкүн. Биринчи категорияга Кытай, Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, Германия, Франция, АКШ, Швейцария, Британия, Нидерланды, Норвегия, Австрия, Швеция, Бельгия жана Дания кирет.

Аталган өлкөлөрдөн келген бардык жарандар чек арачылардын жана санитардык карантин бекеттеринин кызматкерлерине баш ийүүгө тийиш. Анкета толтуруудан баш тартып, маалымат бергиси келбегендер, обсервацияга эмес, үйгө карантинге барууну талап кылгандар элдин саламаттыгына коркунуч келтирүүчүлөр катары мыйзам чегинде жоопко тартылышат. Бул категориядагы кыргызстандыктар паспортунун түрүнөн көз карандысыз атайын даярдалган обсервациялык жайларда карантинде кармалышат. Эреже 19-марттан тарта ишке кирет.

Экинчи категорияга коронавирус аныкталган бардык өлкөлөрдөн келген жарандар кирет.
Алардын баары эки жумалык үй карантинге алынышат. Талапты бузгандар мыйзам чегинде жоопко тартылышат. Бул жарандар менен дарыгерлер күн сайын байланышып, абалын байкап турушат.

Кылмыш кодексинин 280-беренесине ылайык, санитардык-эпидемиологиялык абалды атайылап же этиятсыздык менен бузган жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктургандар катталган жок. Ушул тапта 300дөн ашуун адам обсервацияда. (ZKo)