Конституциялык сот Путиндин бийликте калышына жол ачкан долбоорду жактырды

Уруксат берилбеген акциянын катышуучусу. Петербург, 15-март, 2020-жыл.

Орусиянын Конституциялык соту «түзөтүүлөр жөнүндө долбоор Баш мыйзамга туура келет» деген бүтүм чыгарды. Орусиянын президенти Владимир Путин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун 15-январда, Федералдык Жыйынга кайрылуусунан көп узабай сунуш кылган.

Мыйзам долбоору Конституцияга алымча-кошумчалар тууралуу элдик добуш берүүнүн иретинен жана мыйзамды ишке киргизүүнүн жол-жобосунан турат. Өзгөртүүлөр президенттин ыйгарым-укуктарын кыйла кеңейтет.

Түзөтүүлөр Путиндин 2024-жылдан кийин дагы 16 жыл бийликте калышына шарт түзөт. Бул сунуш Орусиянын айрым шаарларында нааразылык жаратып, акция, пикеттер менен коштолууда.

Үч күн мурун карама-каршылыктуу өзгөртүүлөрдү Орусиянын бардык аймактары жактырган. Эми долбоор 22-апрелде элдик референдумга коюлмакчы.

67 жаштагы Путин президент жана премьер-министр катары Орусияны 20 жылдан бери башкарып келатат.