Сербия коронавирусту ооздуктоо максатында өзгөчө кырдаал жарыялады. Бардык мектептер, университеттер жабылды. Ооруканаларды кайтарууга аскерлер тартылды.
Президент Александр Вучич 15-марттагы телекайрылуусунда бир топ чектөөлөр киргизилерин, өзгөчө режимдин шарттары дүйшөмбү күнү маалымдаларын айтты. Президент карантиндегилер чындап сыртка чыкпай, өздөрүн обочодо кармап жатышканын полиция текшерип турарын кошумчалады. Карантиндин шарттарын бузгандар үч жылга чейин камалышы ыктымал.
Мунун алдында Сербия вирус күчөп жаткан өлкөлөрдөн келаткан жарандар үчүн чек араларын жабарын билдирген. Ошол эле маалда Вучич Кытайдан келгендерге чек ара ачык болорун белгилеп, COVID-19га байланышкан кризисти жөнгө салууда жардамы үчүн Бээжинге ыраазычылыгын айтты. Президент муну менен катар Европа Биримдигин «керектүү көмөк көрсөтө алган жок» деп сындады.
Сербияда жекшембиге карай илдетти жугузуп алган 48 киши катталган.