Ош: ун сатып алгандар көп болду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда эл эки күндөн бери азык-түлүктү адаттагыдан көп сатып алып жатканы байкалды. Буга коронавирус коркунучуна байланыштуу "чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болот экен" деген маалыматтар себеп болгон. Ош шаарында базардагы ун сатуучу жайлар 15-март күнү жабык турду. Жергиликтүү бийлик жакынкы күндөрү ун дүкөндөрдө мурдагы баасында сатылып баштайт деп маалымат таратты.