Жалал-Абадда ун мурдагы баа менен сатыла баштады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абадда мүшөгү эки миң сомдон сатылып жаткан ун укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин катуу текшерүүсүнөн кийин гана мурдагыдай баа менен сатыла баштады. Айрым дүкөндөрдө ар бир адамга бир мүшөктөн гана сатылып жатат. Учурда ундун баасы 1400-1650 сомдон сатылууда. Бирок облустун район-шаарларында унга болгон тартыштык жаралды.