Covid -19: Кыргыз өкмөтү алдын алуу чаралары боюнча маалымат таратты

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Дүйнөлүк банк коронавирустан коргонуу үчүн Кыргызстанга атайын медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардам тапшырды.

Коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын 13-мартта тараткан маалыматына караганда коронавируска анализдер Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эки лабораториясында текшерилүүдө.

Республика боюнча санитардык-эпидемиологиялык алты лаборатория жаңы коронавирусту текшерүүгө ыңгайлашып жабдылып турат. Алардын ар бири орто эсеп менен күнүнө 150 анализди текшере алат. Массалык текшерүү зарылчылыгы пайда болгон учур үчүн Ысык-Атада, Ысык-Көлдө, Бишкекте төрт лаборатория даярдалган. Карантин үчүн 1602 орун даяр, зарыл болгондо көбөйтүлөт.

Кыргызстанда жаңы вирусту аныктоочу 10 миң тест-система, Орусия, Түркия, Германия өндүрүшүнөн чыккан реагенттер бар. Вирусту алдын алуу боюнча бардык чаралар Дүйнөлүк саламаттык уюмунун кеңештерине ылайык жүргүзүлүүдө.

Айрым жергиликтүү компаниялар беткап чыгара баштады. Жакында аптекаларга түшөт. Санитардык кызматтар коомдук жайларды, транспортту дезинфекциялоо иштерин улантууда.

Учурда 1148 киши жашаган жериндеги 14 күндүк карантинден чыгарылды. 181 киши жашаган жеринде көзөмөлдө. Коронавирус катталган өлкөлөрдөн келген жарандар үч категорияга бөлүнүп көзөмөлдөнүүдө. 13-мартка карата текшерүүдөн өткөн кишилердин саны 1545 болду. Covid-19 вирусу аныкталган факт жок. Мындай маалыматты Кыргыз өкмөтү 13-мартта кечинде таратты.

Акыркы маалыматтарга караганда коронавирус дүйнөнүн кеминде 110 өлкөсүндө катталды.