Жээнбеков: Сот системасына материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүүнү улантабыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку соттун имаратына барып, сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин сайты жазды.

Президенттин Жогорку соттун судьялары менен жолугушуусуна онлайн байланыш аркылуу жергиликтүү соттордун судьялары да катышты. Жээнбеков сот системасын санариптештирүү коррупция менен күрөшүүдө жана адам факторун азайтууда негизги курал экенин айтты.

«Биз жарандардын, мамлекеттин тагдырына түздөн-түз таасир этүүчү бийликтин бир бутагы болгон сот системасына материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Сот системасына талаптар жогору болот. Силер санарип трансформациянын авангардында болуп, мамлекеттик бийликтин башка органдарына үлгү болушуңар керек», — деди президент.

Сооронбай Жээнбеков судьялардын этикалык жүрүм-туруму жөнүндө айтып, аларга ак ниет болуу керектигин эскертти.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева сот тутумун санариптештирүү процесси жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, биринчи инстанциядагы 64 сот жана экинчи инстанциядагы эки сотто автоматташтырылган маалыматтык тутум орнотулган.

2020-жылы экинчи жана үчүнчү инстанциядагы сотторго да ушундай автоматташтырылган маалыматтык тутум орнотуу пландалып жатат.