Министр: обсервацияда 303 жаран жатат

Бишкектеги басма сөз жыйыны.

13-мартка карата маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус жугузгандар жок, эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев «Кабар» агенттигиндеги басма сөз жыйында маалымдады.

Анын айтымында, өлкөдө 1 миң 545 киши жугуштуу вируска карата текшерүүдөн өтүп, илдет аныкталган эмес. Учурда анализ алыш үчүн каражат жетиштүү. 14 күндүк обсервацияга алынган 303 жарандын 181 өзү жашаган жеринде медициналык көзөмөлдө турат.

Чолпонбаев «министрлик маалыматты жашырып жатат» деген кабар чындыкка туура келбей турганын айтты.

Кыргызстан коронавируска байланыштуу вирус катталган өлкөлөрдү үч категорияга бөлгөн. Биринчи категорияга Германия, Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция жана Испания кирет. Бул өлкөлөргө каттаган кыргызстандык жарандар 14 күнгө карантинге алынат. (TSh)