Казакстанда эки кишиден коронавирус табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда жакында Германиядан келген эки казак жаранынан (бир аял, бир эркек) COVID-19 вирусу табылды. Бул тууралуу Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов 13-мартта билдирди.

«Алар Алматыдагы стационарга жаткырылды. Клиникалык белгилери жок. Абалы жакшы. Керектүү чаралардын баары көрүлүп жатат», - деди Биртанов.

Ал бейтаптардын бири 9-мартта, экинчиси 12-мартта «эки башка учак менен» Казакстанга келишкенин, алардан башка учактагы 12 адам карантинге алынганын кошумчалады.

Буга чейин Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин коронавирус өлкөдө 11-марттан 16-мартка чейинки аралыкта аныкталып калышы мүмкүн экенин билдирген. Бир күн мурда казак бийлиги өлкөдө коомдук жыйындарды, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган.

Өкмөт башчынын орун басары Ералы Тугжанов мектеп окуучулары 16-марттан 5-апрелге чейин каникулга тарай турганын жарыялаган.