Вице-спикер Касымалиева жана депутат Дүйшалиев үй карантинге түштү

Аида Касымалиева.

13-март түнү Германиядан иш сапарынан кайтып келген Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Абдыбек Дүйшалиев жана парламенттин жети кызматкери 14 күнгө үй карантинге түштү. Касымалиеванын айтымында, алардан коронавируска анализ алынган. Жыйынтыгы бүгүн түштөн кийин чыгат.

«Үйдөн чыкканга болбойт, дарыгерлер келип турат. Үйдөн иштейм», - деди ал.

Германия Кыргызстандын республикалык штабы эпидемиологиялык абалына жараша бөлүштүргөн биринчи категориядагы өлкөлөрдүн ичине кирет. Биринчи категорияда Германиядан тышкары Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция жана Испания кирет. Бул өлкөлөргө каттаган кыргызстандык жарандар 14 күнгө карантинге алынат.

Илдет күч алган өлкөлөрдө болгонун жашырган адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ал эми ал өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт.

Кыргызстан коронавируска байланыштуу вирус катталган өлкөлөрдү үч категорияга бөлгөн.

Экинчи категорияга АКШ, Жапония, Швеция, Швейцария, Британия, Белгия жана Нидерланды мамлекеттеринен келгендер кирет. Булардын баары эки жума үй карантинге алынат. Карантин шарттарын бузуп, эл көп чогулган жерлерге барган жарандар мыйзамдуу жоопко тартылат.

Үйүндө карантинде болууга мүмкүнчүлүгү жок чет элдик жарандар өлкөгө атайын мекеме аралык комиссиянын чечимине жараша киргизилет жана тийиштүү жерге 14 күндүк обсервацияга жаткырылат.

Үчүнчү категорияга дээрлик оору аныкталбаган мамлекеттерден келгендер киргизилет. Алар милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтөт. Алардын эки жума аралыгында өлкө ичинде ары-бери каттоосуна чектөө коюлат.

Обсервациядан элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк расмий делегациялардын мүчөлөрү саламаттыгына жараша бошотулат.

Коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штаб 12-марттагы жыйындын чечими менен Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коронавирус боюнча кырдаал жөнгө салынгыча башка өлкөлөргө иш сапарларына барууну токтотуп турууну сунуш кылды.

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда илдетке чалдыккандар катталган жок. Бардык чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. (TSh)