Баткен жана Фергана облустары кызматташат

Шухрат Ганиев (солдо) жана Алишер Абдырахманов (оңдо).

Кыргызстандын Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчылары жолугушту.

Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин жолугушуусу 12-мартта Баткенде өттү. Фергананын башчысы алгач Алишер Абдрахмановду жаңы кызмат орду менен куттуктап, ишине ийгилик каалады. Ошондой эле ар тараптуу кызматташууга ишенич артарын билдирди.

Ал эми ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов кошуна мамлекеттер менен карым-катнаштын, кызматташтык мамиленин орду өзгөчө экенин белгиледи. Ал коңшулаш Фергана облусу менен бир пикир, бир максатта чогуу иштөө ниетин билдирди. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар кызматташтыктын келечегин талкуулап, эки элдин карым-катнашын, облус аралык социалдык-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоону сүйлөштү. Мындан тышкары Баткен-Фергана облустарынын жакынкы жылдарга белгиленген иш-чаралар планын иштеп чыгып, бекитүүнү макулдашты.

Облус башчылары менен кошо Баткен-Фергана облустарынын чектеш райондорунун башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да жолукту.

Кыргызстандын Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун ортосунда эки чек ара бекети бар. Алар - «Кадамжай» жана «Кызыл-Кыя» чек ара бекеттери. (JsA/ZKo)