Кеминде нааразылык акциясы өттү

Чым-Коргон айылы. 12-март, 2020-жыл.

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылында 12-мартта нааразылык акциясы өттү. Өзүн Эрлан Сагынбек уулу деп тааныштырган жергиликтүү тургун 150дөй адам чогулганын «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Чүй суусунун агымында жүрүп жаткан иш-аракеттер Кыргызстандын жеринин айрым бөлүгүнүн казак тарапка ооп кетишин шарттап жатат.

«Чүй суусунан шагыл эмне үчүн алынып жатканын өкмөт бизге түшүндүрүп бере албай жатат. Ал жер Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы болгондуктан шагылды алганда суу менен кошо чек ара бери жылып жатат. Ошондо 50 гектардай кыргыз жери казак тарапка кирип кетти», - деди ал.

Нааразы тарап Кемин райондук акимчилиги жеткиликтүү жүйө келтире албай жатканын, ал жерде чек арачылар жок экенин айтууда.

Чүй дарыясынын Чым-Коргон айылынын тушундагы бөлүгүндө кыргызстандык «Пикассо» ишканасы тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын анын жетекчиси жетекчиси Айбек Абылкасымов билдирди. Ал ошондой эле чек ара тилкеси бузулуп жатат деген дооматты четке какты. Абылкасымов ишкана Чүй суу чарбасынын бассейндик башкармалыгы менен быйыл январь айында түзгөн келишимдин негизинде иштеп жатканын билдирди:

«"Суунун ичиндеги таштанды, таш, шагыл, чөп, эмне чыкса, ошону тазалап бергиле" деп картасын беришкен. Шагыл же кум түрүндө материал чыгып калышы ыктымал болгондуктан ар бир машинесине 100 сомдон төлөп турабыз. 260 машине жүктөлүп чыкты. Баары ошол жерде турат».

Абылкасымов «жалпысынан 350 метрдей жер тазаланарын, кыргыз тараптан да, казак тараптан да эки жагынан бетон менен тосулгандыктан суунун нугу бурулбай турганын» кошумчалады.

«Пикассо» компаниясы нааразылык билдирип жаткандардын өздөрүн «ал жерди тартып алып, өз чөнтөгүнө иштегени жатат» деп айыптоодо.

Акцияга чыккандар аларга карата «каралардан» коркутуп-үркүтүү болуп жатканын билдирүүдө.

Чым-Коргон айылында акцияга чыккандардын дооматтарынын жана талаш-тартыштардын чоо-жайы, нааразылыкка чыккандардын саны боюнча «Азаттыктын» суроолоруна Чүй облустук милициясы жооп бере элек.

Чүй облусунун губернатору Алтынбек Намазалиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда «чарчы чакырымдар Казакстанга өтүп кетип калыптыр» деген маалымат жалган.

Кыргыз-казак чек ара тилкесинин узундугу 1257 чакырым. Чек араны демаркациялоо боюнча келишимге 2017-жылдын 25-декабрында Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында кол коюлган. (RK)