Лондон сотунда британ баш калаасында камакка коюлган үч мүлктүн ээлеринин бири Казакстандын Сенатынын спикери, туңгуч президенттин кызы Дарига Назарбаева экени айтылды. Турак жайлардын жалпы баасы 100 миллион доллардан ашат. Бул тууралуу 10-марттагы соттон киийн британ маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Кымбат үй-жайдын дагы бир ээси анын уулу Нурали Алиев деп табылды. Буга чейин BBС камакка коюлган турак жайлардын биринде Дариганын уулу жана экс-президент Нурсултан Назарбаевдин небереси Нурали Алиев жашай турганын кабарлаган. Лондондун кымбат райондорунун бириндеги үйдү Кылмышка каршы күрөш боюнча британиялык агенттик камакка койгон. BBC, «Transparency International» жана «Finance Uncovered» деген өкмөттүк эмес уюмдар маалымдашкандай, британ өкмөтү «казак саясий элитасынын» «булагы аныкталбаган байлыктарына» кызыгып жатат.
Агенттиктин тергөөчүлөрү ал үйлөр Дариганын мурдагы күйөөсү Рахат Алиевдин кылмыштуу жол менен табылган кирешесине алынган деп эсептешет. Ал эми Назарбаеванын адвокаты анын кардары Рахат Алиев менен 2007-жылы ажырашканын, 2008-жылы алынган мүлккө тиешеси жок экенин билдирди.