Кытай коронавирусту дарылаш үчүн Италияга адистерди жиберүүгө даяр

Кытайлык дарыгерлер тобу. Ухань шаары. 3-март, 2020-жыл.

Тышкы иштер министри Ваң И бул тууралуу 11-мартта Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдирди. Ваң И мындан тышкары Италияга керектүү дары-дармек, медициналык жабдууларды жиберүүгө да даяр экенин айткан.

«Эпидемия чек араны билбейт, ал - жалпы адамзаттын душманы жана эл аралык коомчулуктан бирдиктүү чара күтөт», - деди кытайлык дипломат.
Бир күн мурда Кытайдын Кызыл чырым коому Италияга дарыгерлерди жөнөтүүнү сунуш кылган. Уюмдун маалыматына караганда, ушул тапта кытайлык дарыгерлер Иранда иштеп жатышат.

11-мартка карата берилген маалыматтарга ылайык, Италияда коронавирустан 631 адам көз жумду. 10 миңден ашуун киши вирусту жуктурган. Иранда сегиз миңден ашуун адам илдетке чалдыгып, 291 адам өлгөнү расмий кабарланды.