Токиодогу Олимпиада 1-2 жылга жылдырылышы мүмкүн

Токио Олимпиада оюндарын уюштуруп өткөрүүгө 12 миллиард доллардан ашык акча жумшады.

Бул коронавируска байланыштуу болорун «Wall Street Journal» Олимпиадалык комитеттин мүчөсү Харуюки Такахашинин сөзүнө таянуу менен жазды.

«Мен оюндар токтотулат деп ойлобойм. Бирок мөөнөтү жылышы мүмкүн. Эгер оюндар токтотулса, Эл аралык Олимпиада комитетинде чоң маселе жаралат. Бир эле америкалык маалымат каражаттары оюнду чагылдыруу укугу үчүн оңой эмес акча төлөшөт», - деген Такахаши.

Жапониянын Олимпиадалык комитети азырынча оюн тууралуу эч кандай маалымат бере элек. Мурдараак мекеме жайкы Олимпиада оюндары белгиленген мөөнөтүнөн кечиктирилбей, 2020-жылдын июль-август айларында өткөрүлөт деп билдирген.

11-мартка карата берилген маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 116 миң 600 кишиге жетти. Оорудан 4200 киши өлдү. Жапонияда 1250 адам вирусту жуктуруп, 24 адам андан көз жумду.