Анын адвокаты Ованес Худоян "Азаттыктын" армян кызматына мурдагы президент Роберт Кочарян ооруканада бир канча күн болушу мүмкүн экенин билдирди, бирок экс-президенттин эмнеси ооруп жатканын айткан жок. Айрым бир маалыматтарга караганда 65 жаштагы Кочаряндын кан басымы көтөрүлүп кеткен.
Арменияда Кассациялык сот былтыр ноябрда мурдагы президент Роберт Кочаряндын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу анын адвокаттарынын арызын канааттандырган эмес.
Роберт Кочорян алгач 2018-жылдын аягында камакка алынган. Былтыр май айында Еревандагы сот экс-президентти үй камагына чыгарган. Сотто Тоолуу-Карабактын азыркы жана мурдагы башчылары 2 миң доллар күрөө коюп, тилкат жазып беришкен. Бирок бир айдан кийин эле апелляциялык сот Кочаряндын бөгөт чарасын өзгөртүп, аны кайра камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.
Роберт Кочарян Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган. Ал «конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган, ири суммада пара алган» деп айыпталып жатат. Экс-президент Арменияда нааразылык акциясына чыккандардын кууп таратылышы боюнча күнөөлөнүүдө. Анда кеминде сегиз адам өлгөн.
Кочарян өзүнө каршы соттук ишти «мыйзамсыздык» жана учурдагы премьер-министр Никол Пашиняндын «саясий куугунтугу» катары мүнөздөгөн. Эгерде сот Кочарянды күнөөлүү деп тапса, ал 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.