Шаардык сот митингдерди чектеген чечимди жокко чыгарды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык соту Биринчи май, Октябрь жана Ленин райондук сотторунун 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимдерин жокко чыгарды.

Мамлекеттик эмес бардык иш-чараларга, марштарга жана жүрүштөргө 1-июлга чейин чектөө киргизүүнү сурап райондук сотторгоо жергиликтүү акимчиликтер кайрылып, райондук соттор бул арыздарды 5-мартта канааттандырган.

Биринчи май райондук администрациясы өз арызын «дүйнөдө жайылып жаткан коронавирустун жана ар кандай башаламандыкын алдын алуу чаралары» деп негиздеген.

8-мартка жүрүшкө даярданып жаткан демилгелүү топ райондук соттун бул чечиминен кийин жарандардын Баш мыйзамдагы укугу бузулганын айтып, соттун чечимине нааразылык билдирген.

8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар аны үзгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен.

Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты.

9-мартта Башкы прокуратура «жарандардын митингдерди, жүрүштөрдү, башка иш-чараларды өткөрүшүн чектөө мыйзамга каршы келет жана райондук соттордун ага тиешелүү чечимдери жокко чыгарылышы керек» деген билдирүү таратты. (BTo)