Дүйнөдө коронавирустан өлгөндөр 3790 адамга жетти

Көчөлөрдү дезинфекциялоо. Иран. 5-март, 2020-жыл.

Жалпысынан бул илдетке 108 446 киши чалдыккан, мунун ичинен 27 миңден ашууну Кытайдан башка мамлекеттерде катталды. Гонконгдун «South China Morning Post» басылмасы маалымдагандай, акыркы суткада бул ооруну 3544 адам жугузган.

Италияда акыркы суткада коронавирустан 133 адам өлдү. Өлкө бийлигинин маалыматына караганда, жалпы өлгөндөрдүн саны 366га жетти. COVID-19 деп аталган жугуштуу илдетке Италияда 7375 адам чалдыккан.

Кытайдын өзүндө бир суткада 28 адам, жалпы 3097 киши өлдү. Италияда 366, Түштүк Кореяда 50, Иранда 194, Францияда 19, Жапонияда 14 адам көз жумду.

Оорудан 58,5 миң адам айыгып чыкты.

Коронавирус ушул тапта дүйнөнүн 94 өлкөсүндө катталды.