Активисттер «Аялдардын шериктештик маршына» даярданууда

2019-жылы бул күнү «Аялдардын шериктештик маршы» өткөн.

Кыргызстанда 8-март жылнаамада кызыл менен белгиленген. Өлкөнүн булуң-бурчунда Аялдардын эл аралык күнүнө арналган ар кандай иш-чаралар өтөт.

Бишкекте бул күнү «Аялдардын шериктештик маршы» өтөт. Анда аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылат. Жүрүш саат 12:00дө Жеңиш аянтынан башталат. Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштуруп жатат.

Буга чейин жергиликтүү соттор Биринчи май, Ленин, Октябрь райондорунун бийликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизген. Мындай чечимдер арыз берген тараптардын коронавирустун жайылышына жана массалык башаламандыкка жол бербөө өтүнүчүнө ылайык кабыл алынган.

Бирок Бишкек мэри Азиз Суракматов коомчулуктун пикирин эске алып, борбор калаанын айрым райондорунда тынч жыйындарга тыюу салуу чечимине каршы экенин маалымдаган.

Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылы 8-мартты Аялдардын эл аралык күнү катары бекиткен.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылы республикадагы аялдардын саны 3,2 миллионду, же элдин 50,4 пайызын түзөт. (TSh)