Бишкек мэриясы митингдерге тыюу салган чечимдерге каршы

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдо митинги. 2-март, 2020-жыл.

Бишкек мэри Азиз Суракматов коомчулуктун пикирин эске алып, борбор калаанын айрым райондорунда тынч жыйындарга тыюу салуу чечимин чакыртып алат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев маалымдады. Анын айтымында, Бишкек мэриясы Свердлов райондук акимчилигинин сотко арызын кайтарып алды. Ошондой эле Биринчи май, Ленин, Октябрь райондук соттордун чечими менен киргизилген чектөөлөрдү алуу үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрылуу даярдалып жатат.

"Юристтер менен кеңешип, коомдун пикирин эске алуу менен Свердлов районунун арызын артка алдык. Эми үч райондукун кайра алуу үчүн сунуш бердик. Үч район сотко кайрылып, чечим чыгартып алган. Азыр сүйлөшүү жүрүп жатат, балким прокуратура сотко кайрылат", - деди Балбак Түлөбаев.

Буга чейин жергиликтүү соттор Биринчи май, Ленин, Октябрь райондорунун бийликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө быйылкы жылдын 1-июлуна чейин чектөө киргизген.

Мындай чечимдер арыз берген тараптардын коронавирустун жайылышына жана массалык башаламандыкка жол бербөө өтүнүчүнө ылайык кабыл алынган. Бул чечим 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө болжолдонуп жаткан "Аялдардын шериктештик маршын” да чектеген. Буга жүрүштүн уюштуруучулары нааразы болуп чыгышкан.

5-мартта коронавирустун алдын алуу штабынын сунушу менен өлкөдө жакынкы аралыкка белгиленген бардык массалык иш-чаралар токтотулган. Сунуш бардык мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик башчыларына тааныштырылган. (TSh)