Ленин районунда да митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдо митинги. 2-март, 2020-жыл.

Бишкек шаарынын Ленин районундук соту район аймагында митингдерди, тынчтык акцияларын өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салды. Мындай чечимди сот 6-мартта чечим чыгарганын юрист Эрик Ирискулбеков билдирди:

«Коронавирус коркунучу бар деген негизде ушундай чечим чыкты. Массалык иш-чараларды уюштуруу кооптуу экени айтылды».

Ирискулбековдун «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, Бишкектин Жал районунун жашоочулары 5-мартта курулуш компаниялардын биринин ишмердигине каршы нааразылык акция өткөрүү үчүн мэрияга, Ленин райондук администрациясына, Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине арыз берген. Мындай кайрылуунун негизинде Ленин райондук бийлиги сотко кайрылган.

5-мартта Биринчи Май райондук соту да митингдерди 1-июлга чейин өткөрүүгө тыюу салган. Муну менен 8-март - Аялдардын эл аралык күнүндө Бишкекте өтөрү болжолдонуп жаткан «Аялдардын шериктештик маршы» да өтпөй турган болду. (BTo)