АКШ Олег Тиньковду акчасын жашырган деп айыптады

Олег Тиньков.

АКШ бийлиги орусиялык ишкер Олег Тиньковго "ири суммадагы акчаны жашырып койгон" деген айып такты. Юстиция министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Тиньков АКШнын жарандыгын 1996-жылы алган жана бул өлкөдө алты жыл жашаган. Ал 2013-жылы америкалык жарандыктан баш тартып жатканда аз салык төлөө максатында тапкан кирешесин өтө азайтып көрсөткөн, тактап айтканда, бир миллиард доллар акчасын жашырып койгон.

АКШ мыйзамдарына ылайык, эгер ишкер салык төлөөдөн качкан деп табылса, ал алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Тиньков жана анын адвокаттары буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Ишкер азыр Британияда жашайт жана Лондон соту аны Кошмо Штаттарына өткөрүп берүүнү караштырууда. Мунун алдында сот Тиньковду күрөөгө бошоткон.

Ишкер түзгөн "Тинькофф-банк" Орусиядагы эң ири 20 банктын бири. Анын активи 600 миллиард рубль деп бааланган. "Forbes" журналынын эсебинде Тиньковдун байлыгы эки миллиард доллардан ашат.