Бейөкмөт уюмдардын каржы иштерине байланыштуу мыйзам кабыл алынса, аны уюшма кылмыш топтор жаман максатта колдонуп, коопсуздук маселеси курчушу мүмкүн. Мындай пикирин "Азаттык" радиосуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди:
"Кыргызстанда коопсуздук көйгөйү бар. Мисалы, кайсы бир уюмдун каражаттары тууралуу ачык маалыматка ээ болгон уюшма кылмыш топтору карактоо максатында аларга кол салышы мүмкүн".
Бекешев кошумчалагандай, сунуш кылынган мыйзам долбоору Коммерциялык купуялуулук жөнүндө мыйзамга, Салык кодексиндеги бухгалтерияга байланыштуу ачыкка чыгарууга мүмкүн болбогон айрым эрежелерге да каршы келип калат.
Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 4-март күнү биринчи окууда кабыл алынган.
Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү. Бул талапты аткарбаса, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, анда бул аракет ишке ашкан эмес.
Былтыр Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролунун жакшы жагын баса белгилеп, өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген.(ZKo/SE)