Гаага соту Ооганстанда ыктымал аскер кылмыштарын иликтөөгө уруксат берди

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту, 7-ноябрь, 2019-жыл.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Ооганстандагы ыктымал аскер кылмыштары, анын ичинде АКШ күчтөрү жасаган ырайымсыз иштер болгон-болбогонун иликтей баштоо жөнүндө чечим чыгарды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Эл аралык соттун чечимин сындады.

"Мындай чечимдин АКШ менен “Талибан” кыймылы Ооганстанда тарыхый тынчтык келишимине кол койгондон кийин бир нече күндөн соң чыкканы акылга сыйбайт", - деди Помпео.

Мамлекеттик катчы Кошмо Штаттар Эл аралык соттун катышуучусу эмес болгондуктан, “өз жарандарын андан сактоо үчүн бардык тиешелүү чараларды көрөрүн” билдирди.

Ооганстан Эл аралык кылмыш сотунун катышуучусу болгону менен ооган аткаминерлери да мындай иликтөөгө каршы пикирин билдиришти.

5-мартта Эл аралык кылмыш соту 2019-жылдын апрель айында чыккан ​төмөнкү инстанциянын чечимин жокко чыгарды.

Бир жыл мурда Гаага сотунда судьялар прокурор Фату Бенсуданын Ооганстанда аскер кылмыштарын иликтей баштоо тууралуу өтүнүчүн бир добуштан четке кагышкан.