Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин 4-мартта кабарлаганына караганда, жугуштуу илдеттен 92 адам набыт болду. Иран коронавирустан өлгөн адамдардын саны жагынан Кытайдан кийинки орунда. Оорудан көз жумгандардын арасында Ирандын көсөмү аятолла Али Хаменеинин кеңешчиси да бар.
Вице-спикер, мурдагы министр, кардиохирург Масуд Пезешкян өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны расмий маалыматтан алда канча көп экенин айтып чыкты. Ал Ensafnews.ir. сайтындагы маегинде «сандар чыныгы маалымат эмес, анткени бейтаптардын көпчүлүгү тесттен өтө албайт» деп билдирди.
Коронавирустун очогу болгон Кытайдын өзүндө илдеттен 3012 адам көз жумду. Ооруну жугузгандардын саны 80,5 миң адамга чукулдады.
Өпкөнү сезгенткен бул илдет Кытайдан тышкары 70тей өлкөдө катталды.