Тажикстанда кеминде үч мечиттин имамдары динчилдерди коронавируска байланыштуу мечитте чогулуп намаз окубай турууга чакырды. Дүйшөмбү шаарындагы борбордук мечиттердин биринин имамы Абдулхак Обидов мындай чечим жарандардын коопсуздугу үчүн кабыл алынганын айтты. Тажикстандын муфтияты азырынча расмий чечим жок экенин, бирок бийлик зарыл деп эсептесе Иран менен Ооганстандагыдай намазды мечитте окууга тыюу салынышы мүмкүн экенин билдирди.
Борбор Азиянын бир да өлкөсүндө COVID-19 вирусу каттала элек. Казакстандын Каспий деңизиндеги Актау жана Курык порттору Иран менен Азербайжандан келген жүргүнчү кемелерин кабыл албай турган болду.
Өпкөнү сезгенткен коронавирусту жугузуп алгандардын саны Кытайга караганда Түштүк Кореяда, Иранда, Италияда жана Жапонияда тезирээк көбөйүүдө. Иранда 3-мартка карата 2336 киши илдетке чалдыгып, 77 адам көз жумганы ырасталды. Бул өлкөнүн парламентинин 23 депутаты COVID-19 вирусун жугузуп алды. Италияда вакцинасы табыла элек инфекциядан каза тапкандардын саны 79 кишиге жетти. Түштүк Кореяда 5300дөн ашуун кишиде вирус аныкталды. Дүйнө жүзүндө вирус баш-аягы 92 миңдей кишиге жугуп, 3100 адам каза тапты.