2-мартта Жогорку Кеңештин имаратынын жанында парламент кызматкерлерин жулкулдаткан аялдардын иши боюнча милиция териштирүү ишин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди.
Ал эми Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кызматкерлер өздөрүнө асылган аялдарга каршы арыз жазышпаганын маалымдады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун билдирди:
«Аялдар асылган кызматкерлердин арасында биздин кесиптештер да бар болчу. Алар милицияга арыз жазышкан жок. Бирок маалымат каражаттарына тараган бул окуя боюнча милиция чара көрөт деп ишенебиз».
2-мартта Бишкектин Ала-Тоо аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылгандардын митинги өткөн. Кечке жуук митингдин катышуучулары Жогорку Кеңеш тарапка барышкан. Ошол кезде иш убактысы бүтүп, үйлөрүнө бараткан парламент кызматкерлерине «митингге келдик» дешкен аялдардын тобу асылып, Садыр Жапаровду бошотушун талап кылышкан. (ZKo)
Төмөндөгү видео «Акипресс» агенттигинин «YouTube» баракчасынан алынды: