ИИМ: Митингде кармалган 166 кишинин төртөө камакка алынды

Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингчилерди кармоо учуру. Бишкек, Кыргызстан. 2-март, 2020-жыл.

Ички иштер министрлиги борбордук Ала-Тоо аянтындагы 2-марттагы митингде массалык башаламандыкка жол берген 166 киши Бишкек шаардык милиция кызматтарынын башкармалыктарына жеткирилгенин кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалгандардын 162си тактоо-аныктоо иштери жүргүзүлгөн соң коё берилди. Камакта калган төртөөнүн аты-жөнү, аларды камакта калтыруунун негиздери тууралуу ИИМ маалымат тарата элек.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде бул окуя Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Анын алкагында төрт жаран камакка алынды.

Мындан тышкары массалык башаламандыкта 24 милиция кызматкери ар кандай жараат алды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иштери уланууда.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу жөнүндө талап менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда тараптар бири-бирине таш ыргытып, көчө боюндагы машинелер, имараттар жабыркаган.

Садыр Жапаров Караколдогу митингде мамлекеттик кызматкерди барымтага алууга тиешеси бар деген негиз менен 2017-жылы камакка алынган. 2019-жылы Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы чечимди кайра караган жана мурдагы жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартып, он жылга кескен.

Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин билдирген. (ErN)