Митинг учурунда төшүнө желим ок тийген кыз дарыгерлерге кайрылды

Садыр Жапаровду бошотууну талап кылгандардын митинги. Бишкек. 2-март, 2020-жыл.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинованын «Азаттыкка» кабарлаганы боюнча, кыз ооруканага жаткырылды, абалы туруктуу.

«Кыздын көкүрөгүнө желим ок тийген. Кан уюп калыптыр. Бүгүн ооруканага жаткырдык. Эртең абалы жакшы болсо үйүнө чыгат», - деди Жылдыз Айгерчинова.

Анын маалыматына караганда, митингден кийин дарыгерлерге үч киши кайрылды, алардын экөө милиция кызматкерлери. Биринин далысы, экинчисинин төш жагы ооруксунуп калган. Алар Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим-изилдөө борборунан текшерүүдөн өткөн соң кызматына кайтып кетишкен.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармады. Кууп таркатуу учурунда таштар ыргытылып, көчө боюндагы машинелер, имараттар жабыркаган.

Милиция башаламандык үчүн айыпталып кармалгандардын жалпы саны тууралуу так маалымат бере элек.

Садыр Жапаров Караколдогу митингде мамлекеттик кызматкерди барымтага алууга тиешеси бар деген негиз менен 2017-жылы камакка алынган. 2019-жылы Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы чечимди кайра караган жана мурдагы жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартып, он жылга кескен.

Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин билдирген. (ZKo)