Аянтта жүргөн кабарчыбыздын маалыматы боюнча, милиция желим ок атканы да белгилүү болду. Ушул тапта эл Киев, Тоголок Молдо жана ошол аймактагы көчөлөргө сүнгүп баратканы кабарланды.
Атайын даярдыктагы күчтөр, милиция кызматкерлери суу бүркүп, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, кулак тундуруучу гранаталарды ыргытуу менен Ала-Тоо аятындагы жана Ак үйдүн алдындагы чогулган элди кууп таркатып жатат.