«Левада»: Путиндин Конституциясын калктын 25% гана колдойт

Орус президенти Владимир Путин.

Орусияда шайлоочулардын 25% гана президент Владимир Путин сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөрдү колдоп добуш берүүгө даяр. 10% добуш берүүгө катышууну көздөгөнү менен Башмыйзамды өзгөртүүгө каршы. Мындай тыянакты Москвадагы «Левада» борбору «Ачык медиа» порталынын буюртмасы менен жүргүзгөн сурамжылоо көрсөттү.

Бул сурамжылоодо ой-пикирин билдиргендердин 37% добуш берүүгө катышуу-катышпоо маселесинде бир чечимге келе элек экенин айтышса, 23% шайлоого барбай турганын белгилешкен. Бирок бул көрсөткүчтөр Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча жумушчу топтун ушул шаршемби күнү өткөн, Путин өзү катышкан жыйынында жарыяланган сандарга каршы келет. Ал жыйында түзөтүүлөрдүн айрымдарын орусиялыктардын 90% колдой турганы айтылган.

67 жаштагы Путин быйыл январь айында өкмөттү жаңылап, Конституцияны өзгөртүү жараянын баштаган. Сунушталган түзөтүүлөргө ылайык, Баш мыйзамга Мамлекеттик кеңеш аттуу жаңы орган киргизилет. Президент түзө турган бул кеңеш мамлекеттин ички-тышкы саясатын жана экономиканын өнүгүү багыттарын аныктоо менен алек болот. Орус оппозициясынын өкүлдөрү Путин Баш мыйзамды өзгөртүү менен 2024-жылы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин да таасирин сактап калууну көздөп жатканын айтып чыгышкан.