Жалал-Абаддагы ишкер аялдар форумунда текстил тармагы талкууланат

Жалал-Абад шаарында өткөн басма сөз жыйыны.

1-2-март күндөрү Жалал-Абад шаарында өтүүчү «Өнүгүү аянтчасы» аттуу эл аралык ишкер аялдар форумунда аймактагы текстил тармагын өнүктүрүү багыттары талкууланат. Бул тууралуу Жалал-Абад жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү басма сөз жыйынында билдиришти.

Жалал-Абад жаш ишкерлер ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү Гүлжамал Караева форум облустагы майда тигүүчүлөрдүн, уз-чеберлердин башын бириктирип, сүйлөшүү аянтчасы аркылуу аларга өнөктөш табуу максатын көздөй турганын айтты:

«Бул жолу жеңил өнөр жайынын локомотиви болгон текстил тармагын тема кылып алдык. Жалал-Абадда бул багытта эмгектенген ишкер аялдар болгону менен ири буюртмаларды аткарууда аксап келатышат. Орусияда, Казакстанда, Өзбекстанда бул тармакта иштеп жаткан ишкерлерди да чакырганбыз. Мындан сырткары текстил тармагындагы белгилүү ишкерлер өз тажрыйбасы менен бөлүшөт».

Форумга облуста чеберчилик менен алектенген бардык аялдар чакырылган жана каалоочуларга эшик ачык. Мында атайын көргөзмө да уюштурулат.

Былтыр да Жалал-Абад жаш ишкерлер ассоциациясы ишкер аялдардын форумун алгач ирет уюштурушкан. Учурда ишкерлер ассоциациясындагы 135 мүчөнүн 40% аялдар түзөт. (RsK)