Качкан Кимсанов камакка алынган жок

Төлөгөн Рахманберди уулу (үстүндө), Эмилбек Кимсанов, Эмирбек Кимсанов, Кылыч Саркарбаев жана Райымбек Матраимов (солдон оңго). «Азаттыктын» коллажы.

Мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго каршы чыккан Эмилбек Кимсанов Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. Сот аны үй камагына чыгарды. Кимсанов менен спортчу Төлөгөн Рахманберди уулуна издөө жарыяланган эле.

Кимсановго жана Рахманберди уулуна ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди токмоктоого байланыштуу издөө жарыяланган эле.

Буга чейин Эмилбектин иниси Эмирбек Кимсанов жана Төлөгөн Рахманберди уулу бул иштер Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун басымы менен болуп жатканын билдиришкен.

Татаалдашкан иштин жаңы түйүнү

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов жөнүндө маалымат эки күндөн кийин гана такталды. Кимсановго байланыштуу ишти иликтеп жаткан Ички иштер министрлигинен (ИИМ) да, бөгөт чарасын караган соттон да акыркы сааттарга чейин маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

25-февралда гана Башкы прокуратура бул фактыны тастыктады.

«Бул ишти тергеп жаткан Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү сотко аны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиришкен. Алар мунун себебин Кимсановдун жаш балдары бар болгону менен түшүндүрүшкөн. Прокуратуранын өкүлү буга карата позициясын билдиргенден кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдуразак Боромбаев шектүү Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасын үй камагы катары бекиткен», - деди Башкы көзөмөл мекемесинин басма сөз кызматынын өкүлү Рыспай Садыков.

Мунун алдында издөөдө жүргөн Эмилбек Кимсанов Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, Кыргызстанга алып келингени кабарланган.

Анын бир тууган агасы Тариел Кимсановго жана адвокаты Назгүл Сүйүнбаевага чалганыбызда, алар да комментарий бере албай тургандыгын айтышты.

«Маалыматты бул ишти иликтеп жаткан Ички иштер министрлигинен алгыла. Мен азыр комментарий бере албайм»,-деди «Азаттыкка» Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева.

Эмилбек Кимсанов 14-февраль күнү кечинде «Фейсбуктагы» баракчасына спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун видео кайрылуусун жүктөгөн. Кайрылууда Рахманберди уулу Ош шаарынын Спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын айткан. Рахманберди уулу «бул тууралуу ооз ачсаң сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз» деп коркутушканын билдирген. «Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн, Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык» деген Рахманберди уулу.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Спортчу президентке кайрылды

Мунун артынан эле Рахманберди уулунун жердештери жана Эмилбек Кимсановдун иниси Эмирбек Кимсанов президентке видеокайрылуу жолдогон. Кимсановдордун кичүүсү видеодо анын агасын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кысымына кабылып жатканын билдирген.

«Урматтуу президент Сооронбай Шарипович, Кыргызстанда болуп жаткан окуялар таң калтырат. Матраимовдор Кыргызстандын мыйзамдарын кандайдыр бир жолдор менен сатып алганбы, же аларга мыйзам иштебейби, Кыргызстанды каалаганындай калчап жатышат. Менин бир тууган байкем Кимсанов Эмил Жанибековичке Райым Матраимов ушул жылдын январь айынан баштап «мага иште» деп иш сунуштаган. Байкем «Райымдын коррупциялык иштерине аралашпайм» деп баш тарткандан кийин Матраимовдордун үй-бүлөсү тараптан ар кандай кысымдар, коркутуу болуп жатат. Райым Эмил байкемди «мага иштебесең сени каматам же өлтүрөм» деп жатат»,-деген Эмирбек Кимсанов.

«Бажычылардын талашы»

Бул окуялардан кийин ИИМ билдирүү таратып, Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсановго 2018-жылы Чүй облусунда ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди токмоктоого шектелип издөө жарыяланганын билдирген.

Бул ишти мекеменин Тергөө кызматы иликтөөдө. Ал эми Эмирбек Кимсановдун арызын Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү териштирүүдө.

Ал ортодо ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Алайдын Арпа-Тектир айылына барып, Рахманберди уулунун президентке кайрылган жакындары менен жолуккан. Анда Жунушалиев тергөө акыйкат жүрөрүн белгилеп, «эч кимдин эч кандай статусуна, байланыштарына, туугандык мамилелерине карабай турганын» айткан.

Райымбек Матраимов бажы кызматкерлери менен. Отургандардын сол жактагы четкиси Эмилбек Кимсанов.

Кантсе да канча күндөн бери баш-аягы чыкпай жаткан бул иштин төркүнүн издегендер окуя терең иликтенеринен шек санап турушат. Ишенимдүү булактар Эмилбек Кимсанов мурда Райымбек Матраимовдун жакын кадры болгонун кабарлашууда.

Мурда жүк ташуу менен алектенген Иса Сулайманов кепке кошулду:

«Мен Эмилбек Кимсановду жакындан тааныбайм. Ал мурда жөн эле машине жууган жайда иштечү экен. Спортту жакшы өздөштүргөндүктөн Матраимов аны колдоп, өзүнө жакын алып келиптир. Ошентип Бажы кызматына Райым киргизиптир дешет. Райымдын көп документтерин Эмил бүтүрүп берерин уккам. Балким ошол документтерден улам талаш чыккандыр, же акча талашып келишпестикке туш болушкандыр. Менимче, себеби акчада болушу мүмкүн».

Эмилбек Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынан 2018-жылы кеткен. Ага чейин ал мекеменин Ош облустук мекемесинде жооптуу кызматтарды аркалап турган.

Матраимов менен Кимсанов бир командада. Тургандардан солдон экинчиси Райымбек Матраимов, отургандардан оңдон биринчи Эмилбек Кимсанов.

Райымбек Матраимов бул жагдайларга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Анын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов иниси Кимсанов жумуштан кетерден бир жыл мурда кызматын тапшырганын кабарлаган. Ошол себептүү ал президентке жасалган кайрылууну кайсы бир күчтөр аларды каралоо иретинде атайын уюштуруп жаткан болушу мүмкүн экенин билдирген:

«Биздин спортчу балдарыбыз жок болсо, криминал менен ишибиз болбосо, биз (үй-бүлөбүз - ред.) Бишкекте жашасак, анысына да, мунусуна да аралаштырып, окшоштуруп жатышат. Мунун артында бирөө тургандай. Эми криминалды аралаштырып, бизди жаман көрсөткүсү келгендей сезилип жатат. Биздин криминалдар менен ишибиз жок»,-деген ал.

Серепчи Төлөгөн Келдибаев тараптар бажыдагы каналдарды талашышы мүмкүн дейт.

Төлөгөн Келдибаев.

«Ооба, бул келишпестиктерди саясат, шайлоонун жакындашы менен, Ош аймагы криминалдашканы менен да байланыштырса болот. Бирок мунун төркүнүн башка жактан издейт элем. Эмилбек Кимсанов ушул даражага Райымбек Матраимовдун колдоосу менен жеткен, бажыдагы каналдарды билет. Ошол себептен алар кайсы бир коррупциялык схемаларды талашып калышты. Аны Матраимов да, Кимсанов да эч кимге ачык айтпайт»,-дейт Келдибаев.

Ал эми окуянын Кылычбек Саркарбаевге байланыштуу өңүтү да анын кызматтан четтеши менен токтоп турат. Бир канча жылдан бери Ош шаардык Спорт комитетинин башчылык кызматын аркалап турган Саркарбаев Рахманберди уулунун айыптоосунан кийин кызматын убактылуу тапшырган. Саркарбаев Матраимовду тааный турганын, бирок бул чырда алардын тиешеси бар-жогун комментарийлеген эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​