Өкмөт: Текебаевдин сыны жакындаган шайлоого байланыштуу

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сынын шайлоо өнөктүгү жакындап калганы менен байланыштырды. Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиевдин атынан таратылган билдирүүдө ошондой эле «мыйзам менен маселесин эмгиче чечип ала элек саясатчынын абалын эске алуу зарыл» деп айтылат.

«Айрым саясатчылардын эстутуму өтө кыска болот. Мисалы, Кызыл-Омполдогу уран кенине байланыштуу жагдайды Текебаев учурдагы өкмөттүн иши ордунан чыкпай калганы катары көрсөтүүдө. Чындыгында уранды чалгындоого лицензияны 2013-жылы өкмөт берген. Ошол өкмөттү ал кезде Текебаев алдыңкы ролду ойноп турган башкаруучу коалиция түзгөнүн унутуп калдыбы? Ал эмне үчүн ошол учурда унчуккан жок?» деген суроо коюлган.

Басма сөз катчынын айтымында, «карасанатай максаттарды көздөгөн саясатчылар» премьер-министр Мукамметкалый Абылгазиевдин «кызматтан кетиши» боюнча маселе көтөрүүнү өнөкөт кылып алышты.

Ошол эле учурда билдирүүдө белгиленгенге караганда өкмөт саясатчынын «эмоционалдуу кебине жооп берүү зарыл эмес» деп эсептейт.

«Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев 22-февралда партиянын Бишкекте өткөн жыйынында өкмөттү сындаган. Экономика, инвестиция тартуу, өнөр-жай сыяктуу бардык тармак туңгуюкка кептелгенин белгилеп, өкмөттү «жалтак», «жетеленме болуп калды» күнөөлөп, муну «коркунучтун чеги» катары белгилеген:

«Абал чатак. Экономиканын өсүшү басаңдады. Түз инвестиция өлкөгө келбей калды. Бул өкмөттү Рыскелди Момбековдун тили менен айтканда «бечел, шалтурук өкмөт» десек да болот. Өкмөт демилгени жоготту, демилге көчөнүн колуна өттү».

Өмүрбек Текебаев партиялашы Дүйшөн Чотонов менен бирге 2017-жылы коррупцияга байланыштуу айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы бул өкүм жокко чыгарылып, алар үй камагына чыгарылышкан. Иш райондук сотто кайра каралууда.

Быйыл 12-апрелде Кыргызстанда айрым жергиликтүү кеңештерге, ал эми күзүндө парламентке шайлоо өтөт. (RK)