Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 2019-жылы Ооганстандагы согушта 3404 жай тургун каза болуп, 6989 киши жараат алганын маалымдады. БУУнун 22-февралдагы баяндамасына ылайык, Ооганстанда алты жылдан бери курмандыктардын саны он миңден ашты. Бирок 2018-жылга караганда курмандыктардын саны беш пайызга төмөндөгөн.
Уюмдун жетекчиси Тадамичи Ямамото бардык тараптарды учурдан пайдаланып согуштук аракеттерди токтотууга чакырды. 22-февралдан баштап өлкөдө жарым-жартылай жарашуу жараяны күчүнө кирген.