«Кыргызмунайгазды» сынаган коронавирус

«Кыргызмунайгаздын» жумушчулары бургулоо иштерин алып барууда.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Кытай менен чек аранын жабылышы «Кыргызмунайгаздын» ишине да таасирин тийгизди. Ишкананын жетекчилиги мунай өндүрүүдө колдонулчу техникалардын тетиктери Кытайдан келбей калганын айтууда.

Кочкор-Ата шаарында жайгашкан «Кыргызмунайгаз» ишканасы өлкө аймагында мунай өндүргөн жалгыз ишкана. Мекеме бургулоо иштерине керектүү тетиктерди сатып алууга өткөн жылы тендер жарыялап, аны кытайлык компаниялар утуп алган.

Ишкананын жетекчиси Рашид Бостонов коронавирустун жайылышына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасынын жабык турганы ишкананын ишине терс таасирин тийгизгенин айтты.

Рашид Бостонов.

«Бургулоо иштери канчалык көп болсо, кийинки жылы мунай өндүрүүнүн көлөмү ошончолук көбөйөт. Бургулоо иштерине колдонула турган тетиктерди сатып алууга жарыяланган тендерди бир топ кытайлык компаниялар утуп алган. Алар бардык техникаларды Кытайдан алып келмек. Учурда компаниянын жетекчилигине кат жолдоп, келишимде каралган иштерди өз убагында аткарууну эскерттик. Эгерде жагдай өзгөрбөсө, өндүрүштү үзгүлтүккө учуратпоо максатында Орусиядан техникалык жабдыктарды сатып алууга туура келет».

Дагы караңыз Өкмөт башчы: «Кыргызмунайгаз» боюнча туура чечим кабыл алынды

Ишкана учурда бургулоо жана мунай өндүрүү иштерин токтоткон жок. «Кыргызмунайгаздын» башкы инженери Абдилла Жусупов аба ырайына карабастан иш уланып жатканын айтты.

Абдилла Жусупов.

«Биз иштеп жаткан жер «Майлуу-Суу-939» бургулоочу участогу. Учурда 900 метр тереңдикке жетип калдык. Долбоордо 1890 метр деп каралган. Быйыл биз 39 миң метрге жакын бургулоо иштерин жүргүзүшүбүз керек. Жыл башынан бери 4800 метрден ашык бургулоо жумуштарын аткардык. Бизде иш суткасына 24 саат бою тынымсыз жүрөт. Мында бир бригадада 40 адам нөөмөт менен иштеп жатат».

"Кыргызмунайгаздын" жумушчусу. 20-февраль, 2020-жыл.

2 миңден ашык адам иштеген «Кыргызмунайгаз» ААК былтыр 140 миң тонна мунай өндүргөн. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 30 миң тоннага көп кара май өндүрүү планы коюлган. Ишкананын жетекчиси Рашид Бостонов учурда кытайлык компанияларга билдирүү берилгенин кошумчалайт.

«Бургулоого колдонулуучу түпкүрдөгү суу кыймылдаткыч, нефти кудуктарынын капталдарын бекемдөө түтүгү сыяктуу бир топ керек жабдыктарды ар кыл компаниялар тендерден утуп алган. Биз менен иштешкен кытайлык 13 компаниянын ичинен үч компаниянын гана адистери келишти, калгандары келе элек. Алар быйыл өз иштерин 70% аткара албай калышы мүмкүн. Ошондуктан орусиялык компаниялар менен иштешүүгө басым жасап жатабыз. Жакындан бери Орусиянын техникаларын сатып ала баштадык. Кытайга караганда сапаттуу, анын үстүнө тетиктери да оңой табылат. Мурда Кытайдан алган техникаларыбызды бир жылдан кийин жаңылоого туура келчү».

Кыргыз-кытай чек арасы Кытайдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 24-январдан бери ачыла элек. Соодагерлер чек арага байланыштуу товарлардын баасы өсүп жатканын айтышууда.

Дагы караңыз Кыргыз соодасын чочуткан кытайлык вирус

Экономика министрлигинин аймак аралык башкы башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев өкмөт кырдаалдан чыкса болорун белгиледи.

«Учурда эки тараптан тең товар кирген да, чыккан да жок. Биз 15-январга чейин мурда товар алып келүүгө Кытайга кирген жарандарыбыздын баарын чыгарып алганбыз. Азыр авиация менен келе турган товарлар да токтогон, авиакаттамдар толугу менен жабылган. Учурда товарды поезд менен гана ташууга уруксат бар. Коронавирус Кыргызстанга гана эмес, бардык мамлекеттерге тиешелүү кырсык болуп турат. Кытайдын негизги өндүрүшү жабык турат, карантинге алынган. "Кытайдан товар келбей калса, алардын ордун кантип толтурабыз?" деген суроого жооп издейбиз. Учурда эл керектөөчү товарларды Орусиядан, Түркиядан, Казакстандан тапсак болот, Кыргызстандын ички базарынын дараметин көтөрүшүбүз керек».

Дагы караңыз Жалал-Абадда жаңы газ кени ачылды

Жергиликтүү талдоочу Узакбай Маматкулов коронавируска байланыштуу жагдай атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо керектигин тастыктады дейт.

Узакбай Маматкулов.

«Кытай менен чек аранын жабылганы биздин ички экономикабызга таасир берип жатат. Анткени көпчүлүк азык-түлүк, эмеректерге керектелүүчү материалдар, техникалык жабдыктар ошол жактан ташылчу. Алардан баарын биздеги ишканалардан тапсак болот, бирок соодагерлер баасына карап Кытайдын товарларын колдонушчу. «Дордой» базарында товарлардын баасы көтөрүлүп жатыптыр. «Кыргызмунайгазга» сыяктуу атамекендик мунай өндүрүүчү компанияларга да мамлекеттик деңгээлде колдоо зарыл жана продукцияларын жайылтууга шарт болушу керек. Ошондуктан биз импортту кыскартып, экспортту көбөйтүү жагын ойлошубуз керек. Кыргыз өкмөтү атамекендик продукцияларды брендге айландыруу үчүн соода дүкөндөрүндө Кыргызстанда чыгарылган товарларга өзүнчө текче бөлүп берүү талабын койгону да жакшы болду. Эми текченин үстүнө «Кыргызстанда жасалган» деген өзүнчө бурчтар пайда болот экен. Кыргызстандыктар баасына карабай өзүбүздүн өндүрүшчүлөрдү колдойт».

«Кыргызмунайгаз» ишканасы учурда жаңы Исбаскент-Алаш мунай кенин ачуу алдында турат. Бул «Кыргызмунайгаз» ишканасынын тарыхында 60 жылдан кийин ачылган жаңы кен аймагы болуп калат.

«Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому Кыргызстандын Кочкор-Ата, Майлуу-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. метр куб газ запасына ээ. Жалпысынан анын карамагында Жалал-Абад облусундагы 35 майда мунай жана газ кендери бар. Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларынын калкын да аймакта өндүрүлгөн көгүлтүр от менен камсыз кылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​