Финпол көмүскө ташылган миллиондор боюнча ишти УКМКга өткөрүп берди

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчинов.

Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган ири өлчөмдөгү акча каражаты тууралуу иликтөөдөн кийин козголгон иш Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) атайын кызматка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 21-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Азаттык» радиосуна билдиргендей, тергөөнүн алкагында чет өлкөлөрдөн маалымат алуу жагы каралып жатат.

«Журналисттик иликтөөдө айтылган мыйзамсыз акча ташуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш Финансы полициясынан бизге келип түшкөн. Учурда бул сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү суроолор чет өлкөлөргө жөнөтүлдү», - деди УКМКнын өкүлү.

2019-жылы «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги жарыялаган Кыргызстандан көмүскө чыгарылган миллиондогон доллар тууралуу иликтөөлөрдө кытай ишкери Айеркен Саймаити бир канча билдирүү жасаган.

Финансы полициясы буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Иликтөөлөрдө көмүскө акча агымдарына Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экени айтылган.

Матраимов иликтөөдө сөз болгон 700 миллион долларга эч кандай тиешеси жок экенин, мунун баарын «жалган жалаа» деп эсептей турганын билдирген.

Саймаити 2019-жылы ноябрда Стамбулда атып өлтүрүлгөнү кабарланган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Түркияда Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишке оор кылмыш катары жашыруун деген гриф коюлганын маалымдаган. (RK)