«Эркин Европа/Азаттык» радиосу Казакстандын бийлигин казак редакциясынын эки журналистине аккредитация бербей койгондугу үчүн сындады.
19-февралда медиа корпорациянын президенти Жейми Флай тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин атына жазылган катта Санат Урналиев менен Мария Мелникованы аккредитациядан өткөрбөө тууралуу чечимди «журналисттерге каршы мыйзамсыз аракеттердин акыркы мисалы» деп сыпаттады.
Флай буга чейин Казакстандын бийлиги 2019-жылдын июнунда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун жети кабарчысына президенттик шайлоону чагылдырууга уруксат бербей койгонун да айта кетти.
Президент белгилегендей, муну менен «Азаттыктын» Казакстан калкын маанилүү коомдук окуялар тууралуу кабардар кылып туруу миссиясына тоскоолдук жаралууда.
Флай тышкы иштер министрин радионун журналисттерин тезинен аккредитациядан өткөрүүгө жана Казакстандын эл аралык милдеттенмелерин аткарууга үндөдү.
Былтыр казак редакциясынын кабарчылары бир нече жолу ишине тоскоолдук кылган чагымчыл топтордун аракеттерине туш болушкан.
15-январда «Human Rights Watch» эл аралык уюму «бийликтин убадаларына карабай, Казакстанда сөз эркиндиги, жарандык укуктар жаатында эч кандай өзгөрүүлөр жок» деп билдирген.