Агенттик: Электр энергиясын кымбаттатуу планыбыз жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө электр энергиясына тарифти жогорулатуу планы жок. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна өкмөткө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Айнура Касымованын айтымында, келерки эки жылга да мындай план жок.

«Бүгүнкү күндө да, деги эле 2022-жылга чейин электр энергиясынын баасы көтөрүлбөйт. Мамлекеттик агенттик 2020-2022-жылдарга карата бекитиле турган «Электр энергиясына жана жылуулук энергиясына болгон орто мөөнөттүк тарифтик саясаттын долбоорун» иштеп чыккан. Ал долбоордо да «электр энергиясы кымбаттабайт» деп белгиленген», - деди ал.

Касымова кошумчалагандай, бул долбоор азыр өкмөттүн аппаратында каралып, макулдашуу жүрүп жатат.

Электр энергиясынын тарифин Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча агенттик бекитет. Мекеменин сайтында турган маалыматка ылайык, 700 кВт саатка чейин колдонулган электр энергиясынын 1 кВт сааты 77 тыйын, андан ашса 2 сом 16 тыйын. Ал эми өнөр жай ишканалары үчүн 1 кВт саат электр энергиясы 2 сом 24 тыйын.

Кийинки күндөрү Интернетте электр кымбатташы мүмкүн деген маанидеги түрдүү кабарлар тарап жатат. (RK)