Адвокат: Атамбаевдин кан басымы төмөндөп кетти

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев.

Учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начар экенин анын адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, 18-февралдагы жолугушууда Атамбаев кан басымы төмөн болуп жатканын маалымдаган.

«Жолукканыбызда ал мага кан басымы 83/60ка түшүп калганын айтты. Өткөн жумада 90/60 болуп жаткан. Дарыгерлер анын бир күндүк кан басымын текшеришкен. Анын толук жыйынтыгын бизден жашырып жатышат», - деди ал.

Адвокаттын айтымында, көз каранды эмес дарыгерлер кан басымдын минтип төмөндөшү инсульт, инфаркт же дагы башка күтүүсүз жагдайларга алып келиши ыктымал экенин билдиришкен.

Мурунку президенттин саламаттыгы начарлап жатканын анын уулу Кадыр Атамбаев да «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Ал «атасы ден соолугун аябай, эл үчүн кызмат кылганын» белгилеп, Алмазбек Атамбаевдин айыгып кетишин тилеп коюуну мекендештерден өтүнгөн.

УКМК бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана башка бир катар беренелер менен айыпталган. Анын ичинде былтыр 8-августта Кой-Таш айылындагы окуяга байланыштуу да иш бар.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 8-августунда Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн күч түзүмдөрүнүн атайын операциясында кармалып, ошондон бери УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (ZKo)