Украина Кытайдан жарандарын эвакуациялаш үчүн учак жиберди

Алар Ухань шаарынан эвакуацияланат. «SkyUp» авиа компаниясына таандык учак 18-февралга караган түнү саат 2:50дө Киевдин «Борисполь» аэропортунан Казакстандын Алматы шаарына, андан ары Кытайдын Хубэй провинциясын көздөй учуп кетти. Учак Киевге жүргүнчүлөрү менен 20-февралда саат 8:05те кайтып келүүгө тийиш.

Саламаттык сактоо министрлиги 49 украин жана 25 чет өлкөлүк жаран эвакуацияланарын маалымдаган. Чет өлкөлүктөрдүн арасында Израилдин, Норвегиянын, Черногориянын, Аргентинанын, Панаманын, Коста-Риканын, Доминикан Республикасынын, Эквадордун жана Испаниянын жарандары бар.

Ухандан эвакуацияланган адамдар 14 күндүк изоляцияга алынат.

Коронавирустан акыркы бир суткада 136 адам көз жумду. Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын маалыматына караганда, жалпысынан оорудан набыт болгондордун саны 2004 кишиге жетти.