Орус коомунун мындай пикирин «Левада-борбор» уюму өткөргөн сурамжылоо көрсөттү. Ага ылайык, орусиялыктардын 16% гана Батыш өлкөлөрүн атаандаш деп эсептейт. Дагы 3% Батышты душман көрөт.
Сурамжылоонун жыйынтыгында орусиялыктар АКШга караганда Евробиримдиктин курамындагы өлкөлөргө карата кыйла жакшы маанайда экени аныкталган. Элдин 49% Евробиримдикке «эң жакшы» же «жакшы» мамиле кылууга даяр экенин билдирсе, АКШга карата 42% ушундай жооп берген. Евробиримдиктин курамындагы өлкөлөр тууралуу орусиялыктардын 37% начар пикирде экенин айтышса, 46% АКШны жек көрөрүн билдиришкен.
Орусиялыктардын 52% НАТОнун курамындагы мамлекеттерден сак болуш керек экенин айтышкан. Ошол эле учурда сурамжылоого катышкан орусиялыктардын жарымынан көбү Орусия Батышка коркунуч жаратат деп эсептей турганын билдиришкен.
Өткөн жылдын сентябрь айында өткөрүлгөн сурамжылоо орусиялыктардын Батыш өлкөлөрүнө жана АКШга карата маанайы кыйла оңолгонун көрсөткөн. Маселен, 2019-жылдын май айындагы сурамжылоого катышкан орусиялыктардын болгону 12% гана АКШга карата жакшы пикирде экенин билдирген. (YI)